Балыкчы шаарында милиция менен прокуратуранын ортосундагы мушташтан кийин прокуратуранын 3 кызматкери жумуштан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Балыкчы шаарында орун алган жергиликтүү милиция менен прокуратура кызматкерлеринин ортосунда мушташ боюнча текшерүүнү жыйынтыктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокурордун чечими менен Балыкчы шаарынын прокурору, ага жардамчысы жана прокуратуранын стажеру ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул окуя 23-декабрь күнү орун алган. Анда Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу инспектордун ортосунда пикир келишпестик чыгып, прокурордун жардамчысы инспекторду чаап жиберген. Мындан улам инспектор шаардык ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусу боюнча УКМКга өткөрүлүп берилген. Азыркы тапта иликтөө иштери уланууда", - деп билдирди мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tular
2019-02-09 12:03:54
Жоопко тартылбайбы ошондо булар? Буларга мыйзам иштебей калабы??? Жон гана жумуштан бошотулбай, жоопко да тартышсында!!!
+11
bessmertiy
2019-02-09 12:21:56
Эми тиги инспектор коркуп пара алалбай калат. Прокуратура бир күн болбосо бир күн кармайт
+5
erlan92
2019-02-09 12:38:07
Акчан барбы?крыша барбы болду каалаганынды кыла бер.
+7
Nursbaike
2019-02-09 13:20:42
Прократурада иштегендерге мыйзам жазгыла кылмыш кылса Иштен эле алынсын деп ут саясатчыга эле, карапайым калк камалсын
+5
semo
2019-02-09 16:57:44
Оа камалсын гопкон прокурор да
+3
souza.j
2019-02-09 18:47:48
Прркурорлор оздорун высший сорт сезет да. Менттке подержка берем. Эркек экенсин брат. Пешенге жазганын коросун да
+3
Azatbek.Svoboda.
2019-02-09 19:20:43
Прокурор эмес Парокор деш керек!
+3
Altyn10076
2019-02-10 02:48:00
Бул иш унутулгандан кийин эле ,дагы бир жерге бакыйып иштеп калышат формасын кийип.
+1
volk27
2019-02-10 21:00:44
Элдин эсинен чыккандан кийин кайра ишине келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан