Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм - UFC менен келишим түздү. Бул тууралуу мушкердин менеджери билдирди.
Рафаэль Физиевдин менеджери социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, Физиевди дүйнөдөгү мыкты уюм менен келишим түзүшү менен куттуктады.
Рафаль Физиев UFC'деги алгачкы беттешин "UFC ESPN+7" мелдешинде өткөрөт. Мелдеш 20-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.
Белгилүү болгондой, "Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиев - тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Аскер урушу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону. Ошондой эле 2009-жылы Таиландда өткөн тай боксу боюнча Дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси. 2010-жылы Орусияда өткөн континенттер аралык чемпионаттын жеңүүчүсү. "Shepdogg" сайтынын версиясы боюнча, профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.
2018-жылы Физиев UFC'нин тандоо туруна катыша турганын билдирип, бирок виза маселесине байланыштуу АКШга бара албай калган.