Белгилүү болгондой, Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп туруп 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган.
"Ал Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин талаптарын бузуп, үй алуу үчүн көп убакыттан бери кезекте турган кызматкерлер бар экенине карабай, кызматтык батирлерди тизмеде акыркы болуп жазылган жакын адамдарына бөлүштүрүп берген.
Мындай жол менен 15 кызматтык батир мыйзамсыз берилген. Анын ичинде мурун үй алган үч кызматкер кайра эле турак жай алганы белгилүү болгон. Натыйжада турак жайга муктаж болгон 9-кызматтын 18 кызматкери батир ала албай калган. Мусакеевдин мындай иш-аракеттеринин кесепетинен мамлекеттик бийликтин кадыр-баркы кетип, жарандардын мыйзамдуулукка болгон ишеними жоголгон.
Бир нече арыздардан кийин аталган факт боюнча кызматтык иликтөө жүрдү. Жогорудагы жагдайлар эске алынып, 7-февралда Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы Мусакеевге "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүү жөнөттү.
Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту Мусакеевге карата өлкө аймагынан сыртка чыкпоо боюнча чечим чыгарды. "Кызматтык батирлер жеке менчикке өткөн эмес, ошондуктан мамлекетке зыян келтирилген жок" деген пикирлер жөнсүз. Анткени Мусакеев кызматтык абалынан пайдалануу боюнча шектелип жатат. Айта кетүүчү нерсе, УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринде кайсы бир убакыттан кийин турак жайды жеке менчикке өткөрүп алуу укугу бар", - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Мындан сырткары буга чейин турак жайды бөлүштүрүүдө кызмат абалынан пайдаланганы үчүн коргоо министри жана анын орун басары кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кошумчалашты.