Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен сатуучуну коркутуп сыра алып кеткен шектүү кармалды

Бишкекте тоноо фактысы боюнча дагы бир кылмыш катталды. Окуя 21-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында борбор шаардын Үмөталиев-Фрунзе көчөсүндө жайгашкан соода күркөсүндө болгон. Дүкөндө сатуучу болуп иштеген жабырлануучунун айтымында, 20-25 жаштардагы жигит аны коркутуп, сыра салынган таңгакты көтөрүп кеткен. Сыранын баасы - 366 сом. Шаардагы №1-милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иштерди жүргүзүп, тоноого шектүү, мурда соттолбогон 1988-жылы туулган Ж.Тынчтыкбек аттуу жаранды кармашты. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maha_zum
2012-11-24 20:41:20
Ushu ichkilik uchun uuru kilgandarga tan kalam da ,biltir da menin dukonumo uuruga giriship jalan ichkilikterdi, tameki degenderdi uurdap getishken anan dagi alardi gomurdun mushoguno salıshkan eken momposuylardin baari jerge jaynap toguluptur ,milisiyalardi chakirsak akcha bersener anan izin kuup taap berebiz deshken ,bolgon ish boldu dep tim koygom men dagi.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан