Кыргыз спортчусу Бекдөөлөт Расулбеков Таиландда өткөн оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште алтын байгени жеңип алды

Кыргыз спортчусу Бекдөөлөт Расулбеков Таиландда өткөн оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште алтын байгени жеңип алды. Бул тууралуу оор атлетика федерациясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, "EGAT's Cup-2019" аталышындагы мелдеште Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Булкуп түртүүдө Расулбеков 157 килограммды көтөрүп, түртүп көтөрүүдө 190 килограммды көтөрүп, жалпы 347 килограммды көтөрдү. Бул жыйынтык менен Бекдөөлөт Расулбеков 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Буга чейин Иззат Артыков 67 килограммга чейинки салмак ченинде 4-орунду ээлеп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Busi06
2019-02-10 14:09:47
Куттуктайбыз кана суроту? 4чуну ээлеген Изаттын фотосу мн чыгарасынар а Алтын уткан адамды жакшына чыгарбайсфнарбы?
+3
Kudi
2019-02-10 14:43:33
Busi06,сүрөтү жоктурда
0
Sajakat14
2019-02-11 16:19:31
Азамат! Куттуктайм! Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан