Кыргыз дзюдочусу Фарух Булеркулов Францияда өткөн дзюдо боюнча Гран-при мелдешинде медалдарга илинбей калды.
Аталган мелдеш 9-10-февраль аралыгында Франциянын Париж шаарында өткөн. Анда бул мелдешке 98 өлкөдөн барган 612 спортчу катышып, 14 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Кыргыз өлкөсүнөн ал мелдешке дзюдочу Фарух Булеркулов катышты.
Фарух Булеркулов 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде Габон өлкөсүнүн спортчусу Паул Кибикай менен күрөштү. Беттештин соңуна 2 мүнөт 36 секунд калганда Булеркулов ыкма колдонуп, атаандашын жыгылтып иппон менен жеңишке жетти. Кийинки беттешинде Булеркулов түштүк кореялык Гвак Дон Хан менен беттешти, анда Булеркул 3 ирет эреже бузуп, жеңиш атаандашына ыйгарылды.
Муну менен Фарух Булеркулов медалдар үчүн күрөштү токтотту.