АКШнын Лос-Анжелес шаарында 10-февралда "Грэмми-2019" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Түштүк Кореядагы мырзалардан куралган эң атактуу "BTS" тобу дагы "Мыкты визуалдык жасалгалоо" наамына талапкер катары көрсөтүлүшкөн. Жигиттер муну менен гана чектелбестен айрым сыйлыкка ээ болгон адамдарга наам да тапшырышты.
Мындай күндө жылдыздарга сыйлыктан дагы маанилүү нерсе - бул жарашыктуу, эсте калган образ болуп эсептелет. Быйылкы "Грэмми" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземинде кызыл килемден өткөн бир катар жылдыздар назарыңыздарда.
Алар: Кэти Перри, Анна Кендрик, Cardi B менен Offset, Майли Сайрус, Кайли Женнер менен Трэвис Скотт, Камила Кабельо, Женнифер Лопес жана Алекс Родригес, Биби Рекса, Леди Гага жана башкалар.
Аталган музыкалык аземде теленин жылдызы Кайли Женнер көңүл чордонунда болду. Себеби ал өзгөчө назик күлгүн түстөгү көйнөк кийип келген. Ал сүйүктүүсү Трэвис Скотт менен чогуу келип, бири-бирине болгон жылуу мамилесин жашырган эмес.
Ал эми жакында эле австралиялык актёр Лиам Хемсвортко турмушка чыккан Майли Сайрус жалгыз келди. Айрым маалыматтарга караганда, ырчы айымдын жолдошу ден соолугуна байланыштуу мындай маанилүү иш-чарага келе албай калган. Майли Сайрус быйыл дагы көйнөктөн баш тартып, өзүнө куп жарашкан пиджактын өзүн кийип алганы элдин көңүлүн өзгөчө бурду.
Кандай гана иш-чара болбосун элдин оозун ачырган образы менен көңүл борборунда болуп келген ырчы Леди Гага жарашыктуу кийимдерге басым жасап баштаган өңдөнөт. Себеби бул аземде күмүш түстүү көйнөк кийген.
Дайыма ачык кийимдерди кийип келген Женнифер Лопес бул ирет элеганттуу көйнөк кийип, сүйүктүүсү Алекс Родригестин коштоосунда келди.
Баса белгилөөчү нерсе, аталган аземде жылдыздар күлгүн жана кызыл түскө басым жасашкан. Мисалы, Анна Кендрик, Кэти Перри жана Cardi B күлгүн, кара түс айкалышкан өзгөчө образды тандаган.
Ал эми америкалык ырчы Биби Рексага бул аземге образ даярдап берүүдөн көпчүлүк дизайнерлер баш тартышкан. Муну алар ырчынын толуп кеткендиги менен байланыштырышкан. Ошого карабастан Биби Рекса өзүнө жарашыктуу кызыл түстөгү көйнөк кийип келген.