Кыргыз мамлекеттик циркинин директорлугуна талапкер болуп жаткан Аида Акматова мекемеге көркөм жетекчи болуп дайындалды

Буту менен жаа атып көпчүлүккө таанылган гимнаст Аида Акматова Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Аида Акматова 1986-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Буга чейин аталган циркте жогорку категориядагы артист катары эмгектенип келген.

Кыргыз мамлекеттик циркин 14 жыл жетектеген Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Андан кийин бул кызматка маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үйдүн алдына митингге чыгышкан. 24-январда жетекчиликке Фархад Бекманбетов дайындалып, 35 артист ага каршылык иретинде жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, жумушка чыкпай жатышкандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asdef
2019-02-11 14:46:22
Эптеп элди алдап коюпсунар да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан