"Сен кат жаздың", "Закым" ырлары менен эл оозуна алынган эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова бүгүн, 11-февралда музыкалык студиясын ачты. Ырчы бул жакшылыгына SUPER.KG порталын дагы чакырган.
Рахимжанова көп жылдын бери вокалдан сабак берген агайы менен биргеликте студиясынын кызыл лентасын кести. Андан соң келген конокторду студиянын ичи менен тааныштырууга өттү. Узак убакыттан бери чыгармачылыктан алыстап кеткен ырчыны кепке тартканга дагы үлгүрдүк.
"Кыргыз улуттук консерваториясын бүткөн соң чет жакка чыгып эл-жер көрүп келүү тилегим бар болчу. Алгач Америкага барам деп жүргөм, бирок кандайдыр бир себептерден улам ал жакка бара албай калдым. Андыктан Түштүк Сахалин аралына бардым. Ал жакта 4 кыздан түзүлгөн топто ырдап жүрдүм. Андан сырткары сабак берип, администратор болуп иштедим. Негизи мурунтан эле студия ачуу тилегим бар болчу. Бирөөнүн колунда эмес, өзүмө-өзүм "шеф" болуп, вокалдан сабак берип, тарбиялап, ыр жаздырып жардам берем деген максатым буюрса ишке ашты десем болот. Музыкалык студиянын оңдоп-түздөө иштерин Түштүк Сахалинден келгенден кийин эле жай айларында баштагам. Алгач студия башка жакта ачылмак, бирок ал жак туура келбей калып, сиздер көрүп турган студияны 1 ай ичинде даярдап бүттүк. Мында вокалдан өзүм сабак берем, андан сырткары, бий, комуздан сабак берчү кошумча мугалимдер бар. Мен өзүм азыркыга чейин вокалдан сабак алып келем. Андыктан өзүңдү өстүрүүнү эч качан токтотпоо керек", - дейт ал.
Ырчыны бул жакшылыгы менен куттуктап апасы, бир туугандары, окуучулары келип, улуулар батасын беришти. Ырчы сахнага "Сен кат жаздың" аттуу чыгармасы менен аттанган. Дал ушул ырын ал келген конокторго жандуу үн менен аткарып берди.