Бишкектик "Алга" футболдук клубу украиналык футболчу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун маалымат катчысы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы сезондо "Алга" клубунда украиналык жарым коргоочу Влад Павленко ойнойт. Футболчу менен клубдун ортосунда 1 жылдык келишим түзүлдү.
Буга чейин 24 жаштагы футболчу "Таврия" (Симферополь, Украина), "Говерла" (Ужгород, Украина), "Витебск" (Витебск, Беларусь), "Навбахор" (Наманган, Өзбекстан), "Машал" (Карши, Өзбекстан), "Сурхон" (Термез, Өзбекстан), "Никополь" (Никополь, Украина) футболдук клубдарында күч сынашып келген.