ЭЛДИК КАБАР: "Аравандын ооруканасындагы ажатканага отургуч коюп алып заара кыласың" дейт окурман

Ош облусуна караштуу Араван райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндөгү ажаткана өтө начар абалда. Анда операциядан жаңы чыгып, өмүрү менен күрөшүп жаткан бейтаптар отура албай кыйналышат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.

"Хирургия бөлүмүндө жалаң оор абалдагы бейтаптар жатары талашсыз. Алар операциядан кийин бири отура албай, бири тура албай кыйналат. Бейтаптарга ажатканага баруунун өзү эле азап. Аталган бөлүмдөгү ажаткананын отура турган жери 30-35 сантиметр бийик жайгашкан. Анысы аз келгенсип ортосу тешик отургуч коюп коюшат. Ага отуруп заара кылганда буту-колдун баарына заара чачырап, бейтаптардын кийимдери булганат, гигиена сакталбайт. Анан ушунча чоң ооруканага жалгыз ушул ажаткана. Ичинде бир эле кол жууган жери бар. Менимче, бул көйгөй жалгыз эле Араванда болбосо керек. Буту бүгүлбөй, отура албагандарга унитаз, ал эми унитазга отура албагандарга ылдыйраак кылып ажаткана куруп койсо болот беле?" - деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2019-02-12 15:00:08
Ке бири олтуруруп туралбайт ошого стол койгон болсо керек
0
ermek87kg
2019-02-12 15:06:08
Райондук ооруу кана ушундай болсо башкасын айтпай эле койсок болот. Качан онугот экенбиз? Кичине конул буруп коюшса болот эле бийлик окулдору.
0
Missing-u
2019-02-12 20:07:31
Ой буууй Равшан менен Жамшут жасаган окшойт муну
0
Eli.91
2019-02-12 21:49:46
Чын эле ото кейиштуу абал.Бул биргана Араванда эмес Ноокат районундагы оорукуканалардын да ажаатканалары ушундай бийик эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан