Бүгүн, 12-февралда журналист, алып баруучу, акыркы учурларда өзүн тамада катары сынап жүргөн Максат Довранов 31 жашка толду. SUPER.KG порталы алып баруучуну туулган күнү менен куттуктоо үчүн байланышканда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.
"Кечээ Талас шаарында ырчы Нурлан Насип менен Самара Каримованын чай концерти болуп, мен алып баруучу катары ал жакка баргам. Концерт бүткөндөн кийин саат жебеси түнкү 12ни какканда чыгармачыл топ атайын сюрприз даярдашып туулган күнүм менен куттукташты. Андан кийин түнү менен жол жүрүп Ош шаарына келдик. Жолдо келатып Нурлан Насип өзүнүн "Туулган күн" деген ырын 6 жолу жандуу ырдап берип маанайымды көтөрдү. Куттуктаган адамдар абдан көп, куттуктоолордун аягы дале суюла элек. Азыркы учурда 13-14-февраль күнү боло турган Нурлан Насиптин концертине даярданып жүрөбүз. Ал эми кечинде досторум менен биргеликте мончого барып эс алып келсемби деп пландап жатам".
Журналисттин "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
Максат Довранов 1988-жылы 12-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Кесиби – модельер-конструктор. Биринчи жолу түз эфирге 15 мүнөттүк “СМС-шанс” деген рубрика менен чыккан. Кийин ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” долбоорунда алып баруучу, редактор болуп иштеген. Азыркы учурда ЭлТР телеканалынын “Кутман таң” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу.
Айта кетсек, алып баруучу 2017-жылдын ноябрь айында ырчы Сайкал Садыбакасовага баш кошуп, коомчулуктан бата алган. Тилекке каршы, ушул жумада "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде ажырашып кеткенин айткан.
12-февралдын жылнаамасы.