Ысык-Көлдө базардан 11-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан 11-класста окуган окуучунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, жансыз дене бүгүн, 12-февралда саат 08:25 чамасында табылган.

"Базардан өтүп бараткан адамдар окуучуну таап, милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Ыкчам-тергөө тобу барып окуучу киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан. Анын жанынан кан болгон таяк табылган. Ал эми маркум Каракол шаарындагы №5 мектептин окуучусу болгон. Атасынын айтымында, ал кечээ түнкү саат 12:00 чамасында суранып үйдөн чыгып кеткен. Учурда Каракол ШИИБи бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси "адам өлтүрүү" менен иш козгоп, шектүүлөрдү издөө иштерин жүргүзүшүүдө", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
deva
2019-02-12 14:46:35
Кайсы ата-эне баласын түнкү 12де кое берет, түшүнбөйм?
-6
cfif03748
2019-02-12 16:03:53
deva,балалуу болсон тушуносун
+5
Samat777
2019-02-12 22:20:58
Кыз баланы он экиде эшикке чыгарбаш керек
-4
Nur777
2019-02-12 22:37:29
Samat777,кыз деп жазылып турабы?
Эркек болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан