Мексика менен чек ара дубалын курууга каражат бөлүнбөсө, АКШнын өкмөтү кайрадан өз ишин токтотушу мүмкүн

АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачылар өлкөнүн түштүк чек арасындагы коопсуздук маселеси боюнча болжолдуу макулдашуу долбоорун караганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда Мексика менен чек арага дубал тургузуу үчүн 1 миллиард 375 миң доллар каралууда. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек ара дубал курууга 5,7 миллиард доллар сурап жатат.

Эгер тараптар ушул жуманын аягына чейин макулдашууга келбесе, анда АКШ өкмөтү кайрадан өз ишин жарым-жартылай токтотушу мүмкүн.

Анткени Трамп шайлоо учурунда дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Чек ара дубалын курууга 20 миллиард доллардан ашык каражат керектелиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2019-02-12 21:39:55
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат болгон экенда! Ал чеп АКШга керек, Мексикага кереги жок! Бирок Мексиканы куруп бересин дегени укмуш го...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан