Кемин районунда 24 жаштагы тургун айылдашынын өлүмүнө шектелип жатат

Кылмышка шектүүЧүй облусунун Кемин районунда 24 жаштагы тургун айылдашынын өлүмүнө шектелип жатат. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 1-февраль күнү саат 17:15 чамаларында Кемин РИИБине Боролдой айылындагы айдоо талаадан эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке тергөө тобу барып жансыз денеси табылган адам 27 жаштагы Н.У. аттуу жергиликтүү тургун экенин аныкташкан. Денесин кароодо маркумдун киши колдуу каза болгону аныкталып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталган.

Сотко чейинки тергөө ишинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Е.У. аттуу айылдашы кармалып, камакка алынган. Маалыматтарга караганда, пикир-келишпестиктерден улам экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Н.У. алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан