"Азия балдары" эл аралык мелдеши: Кыргыз спортчулары муз үстүндө бийлөө боюнча күч сынашты

Кечээ, 13-февралда Орусиянын Южно-Сахалинск шаарында өтүп жаткан "Азия балдары" эл аралык кышкы спорт оюндарында Кыргыздын муз үстүндө бийчилери кыска программасын көрсөттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Бул спорт түрүнөн аталган мелдеште 11 мамлекеттен барган 33 спортчу күч сынашты. Кыргыз өлкөсүнөн муз үстүнө Ева Яковлева жана Алек Нам катышты. Ева Яковлева кыска программасын көрсөтүп, анын жыйынтыгы 27,64 упай болду. Бул көрсөткүч менен Яковлева 26-орунда жайгашты.

Ал эми Алекс Намдын көрсөткөн программасы 24,90 упайга ээ болуп, 30-орунду ээледи.

Спортчулар 15-февраль күнү эркин программасын көрсөтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан