Бүгүн, 14-февралда грек-рим күрөшү боюнча "Бээжин-2008" Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, чыгаан спортчу Канатбек Бегалиев 35 жашка толду.
SUPER.KG порталы спортчуну туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ал ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилей турганын айтты.

Канат Бегалиевдин жетишкендиктери:
- 1998-жылы Орусия Федерациясынын Москва шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк жаш өспүрүмдөр оюндарында жетинчи орунга ээ болгон.
- 1999-жылы Дания Республикасынын Никобинг шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Дүйнөлүк биринчилигинде олжолуу бешинчи орунга ээ болгон.
- 2000-жылы Иран Республикасынын Хамадан шаарында болуп өткөн өспүрүмдөр арасында Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
- 2001-жылы Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинин алтын медалынын ээси.
- 2002-жылы Иран Республикасынын Тегеран шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинин күмүш медалынын ээси.
- 2003-жылы Индия Республикасынын Нью-Дели шаарында өткөн чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде коло байгени жеңип алган.
- 2004-жылы Афина Олимпиадасына Ташкент шаарында өткөн лицензиялык турнирден күмүш байгеге ээ болуп, жолдомо алган.
- 2006-жылы Кытай Эл Республикасынын Гуанжоу шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун 66 килограмм салмак ченинде күмүш байгенин ээси.
- 2007-жылы Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча ХХ Азия биринчилигинде 66 килограмм салмак ченинде алтын байгенин ээси.
- 2008-жылы ХХIХ Бээжин Олимпиадасынын 66 килограмм салмактагы грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин жеңүүчүсү.

Белгилей кетсек, Канатбек Бегалиев 1984-жылы 14-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Эл аралык класстагы спорт чебери. 2003-жылы Азиянын чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. 2013-жылы карьерасын жыйынтыктап, курама команданын машыктыруучусу болуп дайындалган. 2017-жылы команданын башкы машыктыруучусу болгон. Ал эми 2018-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп иштеп келет.

Үй-бүлөлүү 2 уул, 3 кыздын атасы.
14-февралга карата жылнаама.