ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: Туулган күн өткөрүүгө маани бербеген ырчы Ирлан Таалайбеков 30 жашка толду

"Окуучу, окуучу, окуучу кыз,

Ойлоп сени жүрөк суз.

Макул дечи, жок дебей,

Бир болсунчу сырыбыз

Жараладың жүрөктү, койчу сулуу кыз".

Бүгүн, 14-февралда дал ушул "Окуучу кыз" ыры менен таанылган ырчы жана тамада Ирлан Таалайбеков 30 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо иретинде байланышка чыгып, туулган күндүк маанайы менен бөлүштү.

"Негизи туулган күн мен үчүн кадимки эле күндөрдүн бири болуп эсептелет. Туулган күн өткөрүүгө маани бербегендиктен бүгүнкү күнгө эч нерсе деле пландаган эмесмин. Бирок досторум куттуктап чалышып, айрымдары мончого барып келели деген сунушун айтса, айрымдары чайханага барып келели деп сунуштап жатышат. Ал эми азыркы учурда үйдө эс алып отурам, жубайым болсо жумушта", - дейт ырчы.

Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Сахнага “Окуучу кыз”, “Кош бол” жана ошондой эле Мирбек Иманбеков менен “Аппак таң” ырын дуэт ырдап чыгып, өз күйөрмандарын таба алган.

Репертуарында "Кыздар, ай", "Өмүр жөнүндө ой толгоо", "Мейли, тагдыр", "Отуздан ашып барамын", "Энекелер, ай" ж.б ырлары бар.

Учурда үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.

Үй-бүлөсү менен

14-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nanei
2019-02-14 17:29:16
Эрлан туулган кунуно кызыкпаса,биз Эрлангакызыкпайбыз. Унутулуп калды уже. Анан ушу мончодо кантип туулган кун откорушот ,такыр тушуебойм???
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан