Көк бөрү федерациясынын президенти: "Дүйнө биринчилиги тегеректе өтөт экен деп калып калбайбыз"

Казакстандын маалымат каражаттары 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу көк пардын эрежеси менен өтө турганын жазып чыгышты. Анда Дүйнө чемпиондугу тай казансыз, муляж менен жана 2 тайм 20 мүнөттө өтөт деп жазылат.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовго байланышып, суроолорго жооп алдык.

- Саламатсызбы, Жыргалбек мырза? Сиз буга чейин Дүйнө чемпиондугу тай казан менен өтөт деп айттыңыз эле...

- Ооба, биз январь айынын башында Өзбекстанга барып Көк бөрү боюнча эл аралык федерациянын жыйынына катышканбыз. Ал жактан Дүйнө чемпиондугу тай казан менен өтөт деген чечимге келип, макулдашканбыз. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугун өткөрө турган Өзбекстан мелдеш тай казан менен өтөт деп жарыялаган.

Кечээ, 14-февралда Казакстандын Астана шаарында Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйыны орун алып, Дүйнө биринчилиги тай казансыз тегеректе өтөт деп чечим чыгарыптыр. Ошентип бул ассоциациянын чечими болуп жатат, эл аралык федерациянын чечими эмес. Эми Өзбекстан тарап чемпиондукту тегерек менен өткөрөбүз десе биз аларга каршылык кыла албайбыз. Бирок сүйлөшүүлөр аркылуу бул маселени чечебиз деп ойлойбуз. Биз Дүйнө биринчилиги тегеректе өтөт экен деп калып калбайбыз.

- Дүйнө чемпиондугунун эрежелери ассоциациянын эмес, эл аралык федерациянын чечими болушу керекпи?

- Туура айтасыз. Дүйнө чемпиондугу эл аралык федерациянын чечими менен өтүшү керек. Биз азыр казактарга караганда бул маселеге дипломаттык көз караш менен карап, маселени туура жол менен чечүүгө аракет кылуудабыз. Эгерде биз алар жасаган кадамга барсак туура эмес болуп калат.

- Түрк тилдүү элдер ассоциациясы тууралуу айтып берсеңиз.

- Түрк тилдүү элдердин ассоциациясы 2017-жылы Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн. Бул ассоциациянын эрежелерине ылайык, көк бөрүдө тай казандардын ордуна улак тегерекке ташталат. Ал эми 3 жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык федерациянын эрежелери менен тай казанга өткөрүлгөн.

- Кечээ өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйынына кыргыз тараптан бирөө катыштыбы?

- Бизден эч ким катышкан жок. Бирок Максат Чакиев (Туризм департаментинин мурдагы директору) аттуу киши кечээ күнү ошол жерде жүрүп Кыргыздын атынан интервью берип, кагаздарга кол коюптур. Аны ким жөнөттү, ким укук берди, ал кантип ошол жакта болуп калганын билбей турабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TalaCSKA
2019-02-15 13:21:04
Максат мырза кандай кагаздарга кол койгон териштириш керек мыйзамсыз болсо чыккынчы катары сот жообуна тартыш керек.Казак баурларга такыр тушунгон жокмун кантип ошол эрежедеги ойунду жактырышат ? корсон кускун келет!келечеги жок ойун 100 % .
+2
bekov01
2019-02-17 11:39:15
Talacska,баурлар емес боордоштор деп суйлосон Кыргызсынбы
0
arawan
2019-02-15 15:01:13
максат чакий дейби ошону суракка алыш керек кыргыз элинин атынан барып казактардын созун суйлогону учун кок бору тай казан менен
0
Alixan-Nookat.2015
2019-02-15 16:57:32
Ушинтип улуттук оюндарга кайдыгер мамиле жасап жүрө берсеңер оозунарды ачып бир күн башка нерселердида жок кылып аласыңар
0
jigit.paren
2019-02-15 19:03:33
Астанада өтүп жатканда анырайып барбай койбой барыш керек эле да түштөн кийин ар кайсыны сүйлөп былжырабай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан