Казакстан ЖМКлары: "Көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу тай казансыз өтөт"

Казакстандын маалымат каражаттары 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу көк пардын эрежеси менен өтө турганын жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-февралда Астана шаарында Түрк тилдүү элдердин ассоциациясынын конгресси өтүп, анда Өзбекстанда өтө турган Дүйнө биринчилигинде тай казанды алып салуу боюнча эрежелер бекитилген. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугу тай казансыз, муляж менен жана 2 тайм 20 мүнөттөн өтөт.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов январь айында Өзбекстанда өткөн конгресске катышып, Дүйнө биринчилиги тай казан менен өтө турганын макулдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TalaCSKA
2019-02-15 12:07:36
Тай казан жок муляж менен ойногого жараша Бир отоло аты жок жоо жугуруп ойногула казак баурлар.
+10
max-bek
2019-02-15 14:56:01
Тай казансыз ойногондон коро дуйно биринчилигине катышпай чыгып кетуу керек. Казактар озбектерди жене берип интрига жок ойной берсин.кок бору озубуздо эле номер бир.
+6
arawan
2019-02-15 15:04:08
тай казан жок кыргыздар жок кок бору кок бору эмес чийимге мен деле ойноп койом алам анан таштайм болду
+2
CEO1
2019-02-15 17:53:49
Озбектер ага да хуп деп, буга да хуп деп, артынан жайлашыптыр да... Буларга ишенген силер да азамат...
+2
Mamiev
2019-02-15 21:58:59
Негизи көк бөрү оюнун түрк тилдүү мамлекеттер биргелешип оюндун шартын кандай болушун чечип алса болмок. Футболду деле ошондой кылып чечип алышкан. А бул жерде казактар өздөрүнүн "правасын качатьетип" коюптур го.Кок борунун жүзү кыргыз менен казактар да. Казактар тайказаны менен ойной алышпайт женилеерин билишет да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан