27-октябрь күнү Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Түрдүү номинациялар боюнча төмөнкүлөр жеңүүчү аталышты:
"Эң мыкты тасма" - "Көч" (режиссёрлору Молдосейит Мамбетакунов, Артыкпай Сүйүндүков)
"Эң мыкты режиссёр" - Молдосейит Мамбетакунов, Артыкпай Сүйүндүков ("Көч") "Эң мыкты сценарий" - Молдосейит Мамбетакунов ("Көч")
"Эң мыкты оператор" - Стамбулбек Мамбеталиев ("Көч")
"Эң мыкты композитор" - Наргиза Жалилова ("Гу Жун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?")"Эң мыкты монтаж" - Марат Эргешов ("Көч")
"Эң мыкты аял ролу" - Зарема Асаналиева ("Күкүк Шахра")
"Эң мыкты эркек ролу" - Евгений Таранов ("Күкүк Шахра").
Ал эми прокатта эң көп сумма чогулткан тасма катары "Көк салкын" фильми табылып, продюсери Камчы Жумабеков "Эң мыкты продюсер" наамына ээ болду. Ошондой эле тажрыйбалуу оператор Кадыржан Кыдыралиевдин эмгеги бааланып, ага "Кыргыз киносуна кошкон зор салымы үчүн" кошумча наамы ыйгарылды.