Футбол боюнча улуттук кураманын коргоочусуна Германияда операция жасалды. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.
"Кыргыз курама командасынын оюнчусу Виктор Майерге Германиянын Кёльн шаарында ийгиликтүү операция жасалды", - деп айтылат маалыматта.
Виктор Майер Азия Кубогуна даярдык көрүү максатында Катарда өткөн окуу-машыгуу жыйындары учурунда жаракат алып калган. Жаракатына байланыштуу Майер Азия Кубогуна катышпай, ордуна "Дордой" клубунун оюнчусу Павел Сидоренко курама командага кошулган.
Виктор Майер Кыргыз улуттук курама командасында 2015-жылдан бери ойноп келет. Майер курам менен 15 беттешке катышып, 1 гол киргизген. Учурда 29 жаштагы коргоочу германиялык "Виденбрюк" футболдук клубу менен келишими бар.