Ленин райондук соту Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тартты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы түрткү болгон.
Ленин райондук соттун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Суталиновду абактан бошотуудан баш тартты. Соттун мындай чечим чыгаруусуна Суталиновдун абак жайынын эрежелерин бузган учурлары болгону себеп болгон.
Ал эми Мурат Суталинов сот залынан чыгып баратканда арызданбай турганын айтты.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркаарын айткан.