Британиялык ханзаада Уильям жана жубайы Кейт Миддлтон уулун элге көргөзгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алар төрөт үйүнөн чыгып жатышканда журналисттерге уулун сүрөткө жана видеого тартууга уруксат беришкен. “Биз учурда кандай ат коюу керектиги тууралуу ойлонуп жатабыз”,- деди ханзаада. Ал эми Кейт Миддлтондун апасы Кэрол Мидлтон небересинин жана кызынын абалы жакшы экендигин айткан. Төрөт үйүнөн соң алар Лондондогу Кенсингтон сарайындагы өздөрүнүн резиденциясына кетишкени белгилүү болгон. Ханзааданын жубайы Кейт Миддлтон 22-июлда көз жарып, ымыркайдын салмагы 3,79 килограмм болуп төрөлгөн.