Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2020-жылы Түркияда өтөт. Аталган мамлекетте көкпар эмес, көк бөрү оюну болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиктин директору Канат Аманкулов маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.
Ал Түркияда өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда кыргыздын беш улуттук оюну киргизилерин билдирди.
"Эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыздын улуттук 5 оюнунун түрү киргизилерин макулдаштык. Алар: көк бөрү, ордо, кыргыз күрөш, алыш жана тогуз коргоол оюндары болот", - деди Аманкулов.