Кыргыз дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Орусияда өткөн Европа кубогунда күмүш медалды утуп алды

Бүгүн, 16-февралда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дзюдо боюнча жаштар арасындагы Европа кубогу старт алды. Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз спортчусу Кубанычбек Айбек уулу катышты.

Кубанычбек Айбек уулу орусиялык, беларустук жана польшалык атаандаштарын жеңип жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн беттеште кыргыз спортчусу орусиялык Малик Кармов менен беттешип аны иппон менен жеңип алды. Финалдык беттеште Кубанычбек Айбек уулу дагы бир орусиялык дзюдочу Хетаг Басаев менен туш келип, тилекке каршы, 0:1 эсеби менен жеңилип калды.

Муну менен Кубанычбек Айбек уулу күмүш медалга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан