2019-жылы Өзбекстанда өтө турган чемпионат көкпардын эрежеси менен болсо, кыргыз көк бөрүчүлөрү катышпайт

2019-жылы Өзбекстанда көк бөрү чемпионаты көкпардын эрежелери менен өтө турган болсо Кыргыз мамлекети катышпайт. Мындай пикирин 16-февралда маалымат жыйын өткөрүп жатып, жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн көк бөрү боюнча курама командасы көкпардын эрежелери менен ойнобой турганын айтты.
"Биз бир жолу Астанада өткөн көкпар чемпионатына катыштык. Болду жетишет", - деди Аманкулов.
Ал эми көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов учурда Өзбекстанда өтө турган чемпионат көк бөрүнүн эрежелери менен ойноо пландалып жатканын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
sabirdinovich
2019-02-17 12:32:47
Текени эмес, муляжды десең
+13
Julien1212
2019-02-17 12:50:22
sabirdinovich,
Муляж не озу?
-9
Lukman-Hakim
2019-02-17 19:35:16
Julien1212, айылда эшек улакта ойношот го балдар, ошол.
+7
Asiamoll
2019-02-17 12:56:22
Анда казактар сөз кылышат кыргыздар коркуп келбей коюшту деп.Лучше барып көкпардан болсо да казактарды утуп тынчытыш керек
-3
Agayu
2019-02-17 12:57:35
Саламатсыздарбы !Казак туугандар бул жэрде оз шарттына карап , оюндун шарттарын бузуп жатышат.Мейли Казактар айткандай тай казан коопту дейли , эми Казак акылдуулардан сурак кылбайлыбы, кайсы спорт оюну коопсуз деп .Хоккей , футбол , баскетбол , волейбол , эрежэсиз уруш UFC M1 эмне булар коопсуз оюн туруно кирет бекен ?? Оозу кыйшык болсо дагы , байдын уулу суйлосун болтат бул жэрде .Бизсиз деле оюн откорушот .Дунуе бай мамлекеттин созун соз кылып калышкан.Кедей мамлекет оозун ачып кала берет.
+7
FC-Abdish-ata
2019-02-17 22:04:10
Agayu, туп туура! Молодец мен сага кошулам!
+2
semo
2019-02-17 13:28:27
Барып женип баса бергиле кандай болсо деле бари бир биздикиликтер женет
+3
Dembele84
2019-02-17 14:11:37
Алар эмне десе хоп деп катыша бербей,оз позициянарды бербей катышпайбыз андай болсо деп жестко турган деле жакшы.Кыргыздарга боло берет,эмне десен кыла берет деп отугун торго илдирткенден коро...
+12
Dembele84
2019-02-17 14:18:04
Ошентип алар айтканын кылып ойной бере турган болсок,озубуздун нукура кыргыз спортунун баркын кетирип алабыз,ошолордун правиласы менен ойнойбуз деп журуп ...
+11
Firdaus-Muslim
2019-02-17 15:35:24
Нукура көк-бөрү эрежеси менен ойноло турган болсо катышышы керек, анан тайказаны жок болсо улактын ордуна муляж болсо албетте катышпай коюш керек.
Өзү бул казак баурлар өздөрүнчө яаа эрежени бузушуп ушулар көптү.
+3
abusait
2019-02-17 16:09:11
Кандай шарт болсо да барып катышыш керек. Казактар деле тай казанга макул болушкан эмес . Бирок Бир нече жолу ойноп кетиштиго. Биз катышпайбыз десек алар суйунушот кучтуу команда келбейт экен деп. Менимче тай казанга караганда тегереке таштаган оной болот.
-3
souza.j
2019-02-17 16:43:35
abusait,кокбору ойнодун беле озу. Менимче деп
+1
abusait
2019-02-18 05:44:02
souza.j, Мурда деле азыр деле тарыхта деле тай казан жок эле аламан ойношкон.
-1
Lukman-Hakim
2019-02-17 20:16:03
abusait, Биздин күлүктөрүбүз тайгазанга үйрөнүшкөн, чердеги чийип койгонуңду уруп ойнобойт.
+4
tyrgon
2019-02-17 16:24:29
Барып женип кеткиле
-2
daky
2019-02-17 16:52:17
Мына уйдо баатыр жоодо жок Болуп жатад. Биздин международный аренадагы кадыр баркыбыз. Озубуздун олконун ичинде болунуп жарынып олуп жатабыз. Жада калса кок бору дагы саясатташып кеткен . "Юнеско "деп баарын озгортобузбу. Ата бабадан калган салт менен эле ойной берсек жакшы го кыргыздар учун. Эмне "Юнеско " бул ойунда АТ олот экен десе аты жок ойногула дешсе . Анда жоо ойнойлу.. Аты жок. Юнеско учун
-4
asman.81
2019-02-17 18:19:24
Анда казактар менен озбектер,эшек менен кок бору ойносун,тай казан болбогондон кийин !
+4
supish2017
2019-02-17 20:04:15
Ошентип отура бергиле көк беттенип, казактар карап отурбайт, өткөрө берет жыл сайын.
Эмне биздикилер тай казандын алдында туртушкондон эле күчтүүбү.
Барышсын орок оро албаган орок тандайт болбой.
Негизи жер жерлерде 90 пайыз тай казаны жок эле аламан кылып ойноп жүрүшпөйбү.
-3
Azatbek.Svoboda.
2019-02-17 20:24:10
supish2017,Аны казактарга айтсан жарашат!
+4
Patoshik1
2019-02-18 00:09:52
supish2017,элестетип королу:Футбол - Реал мн Барселона эки таш коюп "варота" кылып эле ойноп жатышканын,90% пайызы ушинтип эле ойноп келгенбиз кочодо деп!!! Оюндун эрежеси бар,ошого бардыгы баш ийсе туура болот гоо.
+5
abusait
2019-02-18 05:40:30
supish2017, эн туура 100 пайыз кошулам. Башка оюндарды деле башкалардын эрежеси менен ойноп эле журобузго.
-2
Adi.Avazbekov
2019-03-09 23:32:27
abusait,ал башка оюн бул кыргыздын оюну кичине баш иштетсенер. Казактар эмне десе боло берет дебей.
0
Azatbek.Svoboda.
2019-02-17 20:20:58
Казак менен озбектер эшек менен ойношсун!
+3
Altyn10076
2019-02-18 02:44:29
Мурун тай казаны жок эле ойночу .
Тай казанды кийин эле ойлоп чыгарышкан Аскар Салымбеков эрежесин жазса керек эле.
+2
Adi.Avazbekov
2019-03-09 23:33:09
Altyn10076,бар анда сен ойно тай казаны жок эле
0
Krai
2019-02-18 06:33:32
Туура кылышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан