23-июлда саат 16:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгына кабылган кичи автобуста жалпы 22 адам бара жатканы белгилүү болду. Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус Каракол-Кабак-Богатырёвка багыты боюнча бара жатып кырсыкка кабылган. Айдоочу Жаныбек Асанов рулду башкара албай калып, унаа жол четиндеги теректи сүзүп токтогон. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, (10 адам жол кырсыгы болгон жерден, 3 адам ооруканадан көз жумду) 9 адам жаракат алды. Окуя болгон жерге ӨКМнын Каракол шаарындагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, каза болгондорду унаадан алып чыгышкан. Каза болгондор жана жабыркагандар Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген.
Каза болгондор:
1. Ж.Ж. Асанов 1970-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну, унаанын айдоочусу;
2. Э.М. Мусаев 1952-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
3. К.Ж. Калканова 1975-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
4. А.О. Байдылдаева 1991-жылы туулган, Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну;
5. Эрлан Нурбек уулу 1997-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. У.Д. Байсеркеев 1980-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Богатырёвка айылынын тургуну;
7. Н.К. Асантаева 1970-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Богатырёвка айылынын тургуну;
8. Н.А. Тургунбекова 1975-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
9. А.А. Жумалиев 1998-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
10. В.А. Поляков 1953-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Богатырёвка айылынын тургуну;
11. Ч.С. Султангазиева 1971-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын тургуну;
12. К.Б. Мукамбетова 1976-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
13. 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адам, (аты-жөнү тактала элек).
Жабыркагандар:
1. А.Б. Касенов 1980-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
2. Н.К. Жумалиев 1998-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Богатырёвка айылынын тургуну;
3. С.Ж. Мамытов 1998-жылы туулган, Ош облусунун Алай районунун тургуну;
4. А.К. Супатаева 1982-жылы туулган, Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургуну;
5. К.К. Касымбеков 1992-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. Ч.К. Асаналиев 1989-жылы туулган, Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну;
7. Н.Шаршеева 1968-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
8. Г.Акылбекова 2008-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну, Н.Шаршееванын кызы;
9. Н.Абдырахманова 1990-жылы туулган, жашаган жери такталууда.