Кыргыз спортчусу Орусияда өткөн эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын кунг-фу федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, К-9 "Орусия күчү" аттуу мелдеш Орусиянын Кемерево шаарында орун алган. Анда 11 беттеш орун алып, 9 өлкөдөн барган күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан.
"Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдеште Муслимбек Толипов жана анын машыктыруучусу Умиджон Исаков катышкан. Толипов орусиялык мушкер менен күч сынашып, 2-раундда атаандашына карата кол кайруу ыкмасын колдонуп, жеңүүчү болду. Бул жеңиш менен Муслимбек Толипов чемпиондук курду тагынды", - деп жазылат маалыматта.