Бишкек шаарында 16-17-февраль аралыгында хоккей боюнча ардагерлер арасындагы мелдеш орун алды. Муз аянтчанын үстүндө 40 жаштан жогорку курактагы хоккейчилер күч сынашып, мыктыларды аныктады.
Мелдеш "Кыргыз темир жолу" хоккей командасынын негиздөөчүсү Сапарбек Садыралиевдин жаркын элесине арналганын Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков айтты.
"Биз ардагерлерди унутпай, жыл сайын муз аянтчанын үстүндө аларды чогултуп мелдеш өткөрүп турабыз. Бул мелдеш бир нече жылдан бери өткөрүлүп жатат. Быйыл бул мелдешти Сапарбек Садыралиевдин жаркын элесине арнап жатабыз. Садыралиевдин хоккейге салымы чоң, ал "Кыргыз темир жолу" хоккей командасын негиздеген. Бул команда өлкөбүздүн чемпиондуктарында күч сынашып, байгелүү орундарга ээ болуп келген. Азыр мелдеште 4 команда катышып жатат, алар Бишкек, Ат-Башы, Нарын жана Миң-Куш командалары.
Мындан кийин бул мелдешти "Сапарбек Садыралиевдин кубогу" деп атап, жыл сайын өткөрүүнү көздөп жатабыз", - деди Болотбеков.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Нарын командасы ээлесе, 2-орунду Бишкек, 3-орунду Ат-Башы жана 4-орунду Миң-Куш командасы ээледи.
Оюн учурунда Миң-Куш командасынын оюнчулары менен сүйлөшүп, төмөнкүлөрдү билдик:
"Биз Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынан келдик. Командабызда 15 оюнчу бар, алардын арасында 57 жаштагы байкебиз дагы бар. Мындай мелдештерге чакыруу келгенде сүйүнүп катышабыз. Кээде утабыз, кээде утулабыз. Эң негизгиси биз үчүн мындай мелдеш түрткү берет. Миң-Куштун ардагерлер командасы 1989-жылдан бери чогулуп, оюн көрсөтүп келет", - деп айтат Миң-Куш командасынын оюнчусу Жеңиш Боркчиев.
Ал эми мелдештин эң улуу хоккейчилеринин бири Таалай Кайыпов төмөнкүлөрдү айтты:
"Мен хоккейди бал кезимден бери ойноп келем. Буга чейин топ менен хоккей ойночубуз, анан азыркы шайба менен хоккейди биз бир нече жыл мурун эле ойноп баштадык. Биздин командада жашыраактар аз, айрым оюнчуларыбыз быйыл 50гө чыгат, мен 57 жаштамын, калгандары 55 жаш курактагылар. Бул командам менен 6 жылдан бери ойноп келем".