Футболчу Серхио Рамос кызыл айып кагазы боюнча Европадагы рекордду жаңылады

17-февралда Испания чемпиондугунун алкагында "Реал Мадрид" клубу өз талаасында каталондук "Жирона" клубун кабыл алган.

Беттештин 25-мүнөтүндө талаа ээлеринин жарым коргоочусу Каземиро эсепти ачса, 65-мүнөттө Кристиан Стуани 11 метрлик айып соккуну таамай аткарып, эсепти теңеди. Ал эми 75-мүнөттөгү Кристиан Портунун голу "Жиронага" жеңишти алып келди.

Беттештин 90-мүнөтүндө мадриддик клубдун капитаны Серхио Рамос кызыл айып кагазын алып оюндан четтетилген. Бул кызыл кагаз Рамос үчүн Ла Лиганын алкагындагы 20-кагазы болуп, Европадагы күчтүү 5 лиганын арасындагы рекордун жаңылады. Рамос 19 айып кагазын алган Франция чемпиондугунун мурдагы оюнчусу Сирил Роолду ашып өттү.

Мындан сырткары "Реалдын" коргоочусу жалпы карьерасындагы 25-кызыл айып кагазына ээ болду. Ал Чемпиондор Лигасында 3 жолу, Испания Кубогунда 2 жолу беттештен четтетилген.

Ла Лиганын 24 турунан кийин "Реал Мадрид" 45 упай менен 3-орунда келе жатат. Ал эми 27 упайга ээ болгон "Жирона" 15-орунда. Турнирдик жадыбалдын лидери "Барселона" клубу болсо, 2-орунду "Атлетико Мадрид" клубу ээлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
PogbaGard
2019-02-18 10:14:16
Рамос атайын эле алды Кызыл кагазды куйдуруш учун
-5
Boha1
2019-02-18 10:33:18
Рамос эң грязный оюнчу да
+2
Dembele84
2019-02-18 10:34:03
Кийинки турда Леванте менен оюнга катышпай,Барселона менен ойногону таза келейин деген экен да.Озу атайын карточка алгандардын устуно дагы дисквалификация кошулат деп УЕФА чыккан эле...
+5
Appasition
2019-02-18 13:26:05
Жок дегенде Ушундай жол менен рекорд койоюн дегенго
+3
Kristianuronaldu
2019-02-18 19:31:52
Рамос ен кучту жана акылдуу коргочулардын бири
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан