23-июлда Чүй облусунун Кемин районунда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 121-чакырымында Талант Истакеев аттуу жаран жолдун жээгиндеги бийик жардан сайга кулап түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМнын Кочкор районундагы Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, кулап түшкөн адамды сайдан алып чыгышты. Жаракат алган жаран "Тез жардам" кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Жабырлануучу 1970-жылы туулган Кеминдин Кыз-Күйөө айылынын тургуну болгон.