Бишкекте сарыктын С түрү менен ооругандар акция өткөрүштү

Бүгүн, 24-июлда Бишкектеги "Кыргызпатенттин” имаратынын алдында “Мүмкүнчүлүк баарына! Дарылануу ар бирине!” аттуу акция өттү. Алар сарыктын С түрү менен ооругандар үчүн дарылардын арзан болушун камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылышууда. Акция жыл сайын 28-июлда белгиленүүчү Сарыктын С түрү менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү. "Өнөктөштүк түйүнү" ассоциациясынын жетекчиси жана акциянын уюштуруучусу Айбар Султангазиев сарыктын С түрүн айыктыруучу дарыларды Кыргызстанга сатууга 2 фармкомпаниянын укугу бар экендигин билдирди. “Кыргызстанда патенттелген дарылар бар. Патенттелген дарыларды өндүргөн фармкомпаниялардан башка компаниялар аларды чыгарууга укугу жок. Чоң компаниялар адамдардын ден соолугунан акча жасап жатышат, бул туура эмес. Дарылардын баасын көзөмөлдөө зарыл. Учурда америкалык “Ля рош” компаниясы сарыктын С түрүн дарылоочу каражаттарды Кыргызстанга сатат. Бирок баасы өтө жогору. Бир дарылоо курсун өтүү үчүн 15 миң доллар талап кылынууда. Мындай каражат карапайым элде жок”,- дейт ал. Акция өтүп жаткан учурда “Кыргызпатенттин” өкүлдөрү уюштуруучуларды сүйлөшүүгө чакырышып, жакында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жыйын өткөрүшүп, бул маселе каралмай болду. Сүйлөшүү учурунда Өкмөттүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Зина Исабаева “Кыргызпатент” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен дарылардын баасы арзандаарына көзү жетпестигин айтты. “Базардагы баалар кандайча коюлары мага да түшүнүксүз. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен эле дарылардын баасы арзандап калат дегенге кошулбайм. Дарыларды алып келген фармацевттик компаниялардан сураш керек, эмнеге баа ушундай кымбат болуп жаткандыгын. Эми калган маселени жакынкы арада өтө турган жыйында карап чыгуу керек”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан