"Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусунда биринчи болуп өзбек чек арачылары ок чыгарган",- деп билдирди Ош жана Жалал-Абад облусундагы аймактык чек ара башкармалыгынын жетекчиси Абдыкерим Алимбаев өзбекстандык кесиптеши Ойбек Косимов менен жолугушууда. Мамлекеттик чек ара кызматынынын билдиришинче, чек араны бузган өзбек чек арачыларына карата кыргыз чек арачылары мыйзам чегинде аракет жасаган. Жолугушууда тараптар окуя боюнча пикир алмашып, жаңжалды эки өлкөнүн аскердик прокуратуралары тарабынан изилдөө чечимин кабыл алышты. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстан тарапты окуя боюнча такталбаган маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырды. Айта кетсек буга чейин, өзбекстандык ММКлар атышуу Өзбекстандын аймагында болгонун, муну Кыргызстандын чек ара жетекчилиги моюнга алып кечирим сураганын жарыялашкан болчу.