Куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу, футболчу Гүлжигит Алыкулов беларустук клуб менен кантип келишим түзүп калганы тууралуу маек курду

18 жаштагы кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов беларустук клуб менен келишим түзгөн. Футбол боюнча жаштар арасындагы Кыргыз курама командасынын оюнчусу мындан ары "Неман" футболдук клубунда ойнойт. Маркум Жаныбек Алыкуловдун кичүү уулу. SUPER.KG порталы Алыкулов менен байланышып, маек курду.

Гүлжигит Алыкулов футболдук клубга кантип өткөнү, үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн сезимдери тууралуу бөлүштү.

- Неман футболдук клубуна кантип барып калдың?

- Кыргыз өлкөсүндө ойноп жүргөндө мага футболдук агенттер байланышка чыгышкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар менен келишим түзгөм. Алар Беларустан "Неман" футболдук клубун таап, мени расмий түрдө окуу-машыгуу жыйындарына чакырышкан. Анан бир канча текшерүүдөн өтүп, машыгууларга жана анын алкагындагы жолдоштук беттештерге катышкам. Оюндарда өзүмдү көрсөтүп, эки гол киргизгенге үлгүрдүм. Ошентип мен "Неман" менен келишим түзүп калдым.

- Келишим канча жылга түзүлдү жана кандай шарттар каралган?

- Келишим 3 жылга түзүлдү. Ал жакта бардык шарттар каралып, бардыгы жазылган. Айлык, жашай турган жер, тамак-аш жана бонустар.

- Жашыруун болбосо, айлыктын көлөмүн айта кетпейсиңби?

- Муну өзүм деле жашырбай эле айтмакмын. Бирок футболдук агентим айлыкты жашыруун сактоо керек, эч кимге айтпа деп айтты. Мындай шарт келишимде каралган экен.

- Буга чейин түркиялык "Антальяспор" клубунда ойногонсуң. Азыркы клубуң менен кандай айырмачылык бар экен жана кандай себептерден Түркияда калбай калдың?

- Мен Түркияда "Антальяспор" клубунун жаштар курамасында ойночумун. Азыр "Неманда" чоңдор курамындамын жана Жогорку Лигада ойнойбуз. Түркияда калбай калган себебим документтер маселесине байланыштуу болду. 18 жашка чыга элек болгонума байланыштуу документтер менен кыйынчылыктар пайда болгон.

- "Немандын" жетекчилиги келишимди түзүүгө даярбыз дегенде сенде кандай сезимдер болду?

- Абдан кубандым. Бул жетишкендикти мен гана эмес, менин туугандарым жана жакындарым күтүп жаткан. Үй-бүлөм ишенип жаткан. Мен алардын ишеничин актайм деп болгон күчүмдү жумшадым. Анан мага келишимди түзүүгө даярбыз дегенде сүйүндүм.

- Немандан тышкары дагы кандай варианттар бар эле?

- Албетте, башка клубдарга барганга варианттар болгон. Бирок эң жакшы шарттар ушул "Неман" клубунда болчу.

- Үй-бүлөңө эмне деп айттың? Алардын реакциясы кандай болду?

- Үйдөгүлөргө келишимге кол коё электе эле айткам, "Неманга" өттүм, азыр документтер даярдалып жатат" деп. Алар мени куттуктап, абдан сүйүнүп, кубанып жатышты.

- Футболго кантип кызыгып калганың тууралуу айта кетсең.

- Башында өзүм күрөшкө кызыкчумун. Бир тууган агам футбол ойнойт. Бара-бара менде дагы футболго кызыгуу пайда болду. Агам Манас Алыкулов "Дордой" клубуна алып барган. Ошол жактан көбүрөөк кызыгып, ойноп, өзүмдү жакшы көрсөтүүгө аракет кыла баштадым.

- Маек үчүн рахмат. Ишиңе ийгилик.

- Рахмат.

Белгилей кетсек, Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун тарбиялануучусу 2017-жылы Түркиянын "Антальяспор" футболдук клубунда ойноп, 2018-жылы мекенине кайтып келген, ал сезондун жарымын "Кара-Балта" клубунда ойноп, жайкы трансферлер сезонунда бишкектик "Алга" футболдук клубуна өткөн. Топ-Лиганын 2018-жылкы сезонунда Алыкулов 28 беттеште 8 гол киргизгенге үлгүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rustambekfresh
2019-02-28 19:40:33
Ийгилик Азамат
+1
KaGaH
2019-03-01 04:52:11
Азаматсың, чоң чоң ийгиликтерге жет!
+1
Kgda
2019-03-02 16:23:13
Атасы тируу болгондо ото суйунмок экенда. Бирок Жаныбек Алыкуловтун атын балдары очурбой келатат уч баласы тен кыйын чыкты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан