Бишкек-Торугарт унаа жолунда кырсыктан 4 адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди
Кечээ Бишкек-Торугарт жолунда автокырсык катталганын Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бишкек-Торугарт жолунун 72-чакырымында жолдон тайгаланып, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен. Жыйынтыгында айдоочу жана ичиндеги 3 жүргүнчү оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.