Балбан Акжол Махмудов операция жасатуу үчүн Германияга учуп кетти

Балбан Акжол Махмудов жаракат алган тизесине операция жасатуу үчүн Германияга учуп кетти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, Акжол Махмудов окуу-машыгуу жыйындарынын алкагындагы машыгууда тизесинен жаракат алып калган. Жаракат алган тизесине операция жасоо үчүн 1 миллион 500 миң сом керектелген. Бул чыгымдарды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылай турганын билдирген.

19 жаштагы Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө жана Азия чемпиону, жаштар арасындагы Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш менен коло медалынын ээси, чоңдор арасындагы Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janym_ata_enem
2019-02-19 11:29:54
Аллахым озу колдосун. Дува кылалы оомин
+2
taalay25
2019-02-19 12:24:04
Келечеги алдыда бул баланын
0
murat17
2019-02-21 17:14:24
Келечеги ото чон эле Аллах шыпаа берип формасына кайтсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан