Бүгүн, 24-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясында 2013-жылдын 6 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулаган коллегиялык жыйын болду. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, жыйында Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык жактан өнүгүшү үчүн жасалган иштердин натыйжалары тууралуу сөз болду. Мындан сырткары кийинки 6 айда аткарылчу иштер пландалып, тийиштүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.