Америкалык ырчы Рианна 1988-жылы 20-февралда Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн.
Рианнанын толук аты Робин Рианна Фенти. Атасы Рональд Фенти Барбадос аралынын тургуну болгону менен, анда ирландылык кан бар. Апасы Моника Түштүк Америкада жайгашкан Гайана мамлекетинде төрөлүп-өскөн.

Рианнанын чыгармачылык шыгы мектепте окуп жүргөндө эле байкалган. Өзү окуган мектепте өткөн сынактарга активдүү катышып, "Сулуулук жана талант" конкурсунун жеңүүчүсү болууга да жетишет. Ыр-бий жагынан шыгы бар окуучулардын катарында жүрүп дайыма ырчы болууну кыялданып келсе да, кыялдануусу турмушта иш жүзүнө ашат деп эч ойлогон эмес. Качан гана Нью-Йорктон келген Эван аттуу продюсер Рианнанын ырдаганын бир кечеден угуп жактырып калып, бирге иштешүүнү сунуш кылганда болочок ырчыда үмүт пайда болот. Жаш кыздан мыкты ырчы чыгарына көзү жеткен Эван аны Нью-Йоркко чакырат. Рианна продюсердин сунушун ойлонбостон кабыл алып, 2005-жылы Барбадостон Нью-Йоркко келет. Ошол күндөн тартып болочок жылдыз ырчылык карьераны баштоого бел байлайт. Нью-Йоркко келгенде анын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу күндөн-күнгө күч алып, аз убакыттын ичинде Эван менен чогуу бир канча ырларды жаздырат. Анын ырларын көпчүлүк жакшы кабыл алып, күйөрмандары пайда боло баштайт. Өзгөчө ырчынын алгачкы "Pon De Replay" аттуу ыры ийгиликтүү жаралат.

Аты чыга баштаганынан көп өтпөй, Рианна бир канча үн жаздыруучу компаниялардын президенти болгон миллионер рэпер, белгилүү ырчы Бейонсенин жигити Жей Зинин кабыл алуусунда болот. Жей Зи Рианнанын ырларын угуп көрүп, анын ырчылык жөндөмдүүлүгү жогору экенин байкап, иштешүүгө макул экенин билдирет. Ошол күндөн тартып Рианна Жей Зи менен иштешип, анын үн жаздыруучу студиясында ырларын жаздыра баштаган. Жей Зи да таланттуу кызга колдоо көрсөтүүдөн баш тартпайт. Анын “SOS” деген ыры чыгары менен хит-параддардын алдыңкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Ырчынын дал ушул ыры "Nike" деген компаниянын жарнамасында жаңырган. Андан көп өтпөй "Music Of The Sun" деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тараган. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөрөт. Ал эми экинчи романтикалуу "If It`s Lovin` That You Want" аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алган. Өзгөчө "You Don’t Love Me (No, No, No)" деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.