АФК Кубогу: Бүгүн Оштун "Алай" футболдук клубу түркмөнстандык "Ахал" менен беттешет

Бүгүн, 20-февралда Оштун "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында түркмөнстандык "Ахал" командасы менен беттешет.

Беттеш Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтүп, саат 14:00дө башталат. Беттештин башкы калысы Омар Мубарак Мазаруа Якуби (Оман) болот.

Кирүү акысы 100 сомду түзөт.

Бул беттеш тандап алуу оюндарынын алкагындагы эки команданын алгачкы беттеши болот. Командалардын жооптук беттеши 27-февралда Түркмөнстандагы "Ашхабад" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn2017
2019-02-20 13:26:01
түз эфир алып беребикен КТРК Спорт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан