SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиев менен шоумен, тамада Бакыт Байсариев борбордогу соода маркеттердин биринде сатуучу-консультанттын кызматын аткарышты.
Жумуш жер-жемиш саткан бөлүмдөн башталды. Алгач каармандарга эмне иш аткаруу керектиги жана кардарларга кандай мамиле жасоо тууралуу маалымат берилди. Алардын милдети - азайып бара жаткан жер-жемиштерди толуктоо, тизүү, сатып алуучуларга жардамдашуу.
Өздөрүнө берилген тапшырманы так аткарууга аракет кылган мырзаларды кардарлар таанып, ал тургай маекке да тартып жатышты. Каармандар да өз кезегинде сатып алуучуларга ыр сунуп, шаңдуу маанай тартуулашты.
Иш үстүндө оюн куруп, кээде бийлеп, маркеттеги элди таң калтырган Кайрат Примбердиев менен Бакыт Байсариевден кандай сатуучу чыга турганына кызыксаңыз, төмөндөгү видеоматериалга баш багыңыз.