Токмок шаардык прокуратурасы шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Ал шаардагы бала бакчанын имаратын бирөөгө мыйзамсыз берип жибергендиги үчүн "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталып жатат. Башкы прокуратуранын билдиришинче, жооптуу кызматкер имаратты өткөрүп берүүдө ижарага берилгендиги тууралуу эч кандай келишим түзгөн эмес. 2012-жылдын октябрь айында Ы.Р. аттуу адамга берилген имараттын аянты 150 чарчы метрди түзөт. Териштирүүдө бала бакчанын былтыркы жылдан 2013-жылдын июль айына чейинки ижара акысы 56 250 сомду түзөрү аныкталды. Факты тийиштүү орган тарабынан иликтенүүдө.