Таласта иске ууланып апасы жана кызы каза болуп, дагы 2 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Талас облусунун Кара-Суу айылында иске ууланып 12 жана 4 жаштагы балдар ооруканага түштү. Бул тууралуу Талас облусунун ооруканасынын директору Нурдин Усупбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканага балдар бүгүн, 20-февралда саат 13:30да келип түшкөн.

"Балдар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда тийиштүү жардамдар көрүлүүдө", - деп билдирет оорукананын директору Нурдин Усупбеков.

Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматы иске ууланып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн апасы жана кызы каза болгонун тастыктады.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан