Токтогулда кара куурай өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн казакстандык жаран кармалды

19-июль күнү Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Ак-Булак айылында кара куурай өсүмдүгүн өстүрүп жүргөн Казакстандын Жамбыл облусунун мурда соттолгон жараны колго түштү. Айыпталуучу Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн “Кара куурай” операциясынын алкагында кармалды. Кармалган жаран кара куурайды 2 гектар жерге өстүрүп жүргөн. Өсүмдүктүн жалпы салмагы 3 тонна 55 килограммды түздү. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кылмышка тиешеси бар деп шектелген башка жарандарды текшерүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aijan1968
2013-07-24 13:35:35
"Ой-бай,бауырым! Соншама казактын кен даласы турып Кыргызстанда нен бар"- деп гана жон калбаса болгону биздикилер.
2 га жерди арендага берген жердешибиздин да шору куруурунда шегим жок.
0
future_kg
2013-07-24 13:51:01
Остуруп кыйналып не кылат, Озгоруш айылына барса талаанын баары кара куурай! элдин баары кара куурай сатып оокат кылат!
0
zama.kj9
2013-07-24 16:06:12
future_kg, озгорушту жакшы билбетко бала.торкендин ...... коркуп ото албай журсо керекта
0
nazikcan
2013-07-24 14:16:03
future Озгоруш айылында элдин баары эмес, ыгын тапкандар кара куурай сатып оокат кылат. Ыгын таппагандар азап тартып журушот.
0
Boru87
2013-07-25 07:18:29
Kapyrai kyrgyzstan ushunchalyk ele alsyz bolup baratabyzby...((
bashkalar kelip bizdin alakandai jerge kaalagandai ishin kylyp jurso.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан