АФК Кубогу: Оштун "Алай" футболдук клубу түркмөнстандык командага жеңилип калды

Оштун "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу турунун алкагында түркмөнстандык "Ахал" командасына жеңилип калды.

Оюн Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадионунда орун алып, коноктордун 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

Беттештин 20-мүнөтүндө "Ахал" клубунун оюнчулары топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн ийгиликтүү колдонуп эсеп санын ачышкан. 36-мүнөттө талаа ээлери айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алып, аны Элдияр Сардарбеков аткарды. Дарбазадан 20 метр жакын алыстыктан сокку узаткан Сардарбеков таамай болуп эсепти 1:1 кылды. Арадан 2 мүнөт өткөн соң "Ахал" айып сокку мүмкүнчүлүгүн алып, бул ирет дагы ийгиликтүү болду.

2-таймда эки команданын оюнчулары эсепти алмаштырууга аракет жасап, бирок аны ишке ашыра алышкан жок. Муну менен беттеш 2:1 эсебинде аяктап, "Ахал" футболдук клубу жеңишке жетти.

Командалардын жооптук беттеши 27-февралда Түркмөнстанда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bessmertiy
2019-02-20 16:43:41
2чи голду алайдын оюнчусу өзү киргизип алды.
0
uz.nookat
2019-02-20 18:33:08
качан эле Алай утуп журду турмондорду ,бизге жакшы тирнер керек чет жерлерден сатып алып келиш керек
-1
bessmertiy
2019-02-20 21:48:48
Алайдын оюнуна көңүлүм толбоду. Топту туш келди эле тээп жүрүштү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан