Сауд Арабияда өтө турган этнофестивалда улакчы Манас Ниязов катышпай турганы белгилүү болду

Сауд Арабияда өтө турган этнофестивалда улакчы Манас Ниязов катышпай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Сауд Арабияда 9-19-март аралыгында этнофестиваль өтөт. Ага Кыргыз өлкөсү дагы катышып, 1 миңге жакын катышуучу барат.

"Бул фестивалдын алкагында кыргыз улакчылар көргөзмө оюндарды тартуулап, ага 5 облустун командасы катышат. Ар бир командадан 10 улакчы аттары менен барышат. Анда Бишкек, Чүй, Талас, Ош жана Ысык-Көл командалары катышат", - деп билдиришти федерациядан.

Ошондой эле, фестивалга катышкан улакчылар тилекке каршы Нооруз майрамына арналган Өлкө чемпиондугуна катышпай калышат.

Көк бөрү федерациясы фестивалга катышуучулардын берген тизмесине караганда, ага өлкөбүздүн мыкты улакчысынын бири Манас Ниязов катышпайт. Буга себеп ал Өлкө чемпиондугуна катышууну көздөп жатат.

Командалардын тизмесинде көчмөндөр оюндарында Кыргыз улуттук курама командасында ойногон Рустам Тыналиев, Таштемир Майлыбашов жана башкалар бар.

Тизме жакынкы күндөрдө жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aitowa11
2019-02-20 17:34:42
Эмнеге катышпайт экен
-1
Belle
2019-02-20 17:54:44
aitowa11, ошого
-3
AIA-TOO
2019-02-20 18:48:39
aitowa11, "Өлкө чемпиондугуна катышат" деп туратко.
+4
arawan
2019-02-21 01:54:46
ушу неге манас барбайт экен деп жазып жатасынар анчалык манас ким эле манас кече эле чыккан бала керек болсо 20жылдан бери кок борудо жургондор барган жок ал жакка уулу муундагы эмгеги элге синген атактуу улакчылар барып жатат таластан калган жакты билбейм
-1
ikitaidesu
2019-02-21 03:12:54
arawan,Манас жакшы оюнчу катары таанымал... Ошон үчүн сурап жатышат. 20 жыл жүргөндөр барса, алар канча жашта? Өлкө чемпиондугуна караганда дүйнөлүк оюнга катышкан жакшы болсо керек...
0
arawan
2019-02-21 01:58:25
ар бир облустан бара турган улакчылардын тизмесин ошол жердин кок бору жетекчилери чечкен тизмени ошолор тузду манас неге барбайт экен деп ош облусунун жетекчисинен сурагыла бул жактан сурабай
-1
Paprikafm
2019-02-21 02:20:16
Аттары менен барат дейби, ошончо атты каяка жуктойт?
0
bahabaike
2019-02-21 10:05:56
Paprikafm,Араптар уча турган автобус берет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан