Бишкекте Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк бөрү боюнча достук мелдеши өтөт

Бишкекте 23-февралда Ак-Кула ат майданында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата көк бөрү боюнча достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жаштар иштери дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары катышат.

Аталган мелдеш көк бөрү оюнун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттун улуттук түрлөрүн пропагандалоо, сергек жашоого үндөө жана достукту бекемдөө максатында уюштурулат.

Иш-чаранын уюштуруучусу - Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы. Ал эми демилгечи - Жогорку Кеңешинин депутаты Канатбек Исаев.

Эскерте кетсек, иш-чара 23-февралда саат 10:00дө башталат. Кирүү акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан