Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын экспорттой баштады

Бүгүн, 24-июлдан тарта Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын экспорттой баштады. 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 0,04 доллардан берилип жатат. Маалыматты бүгүн журналисттерге өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Премьер-министрдин айтымында, Казакстанга 500 миллион кВт саат электр энергиясын экспорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Ал эми Казакстан Бишкек ЖЭБине бир тоннасы 42,5 долларга бааланган 400 миң тонна көмүр берет, бул башка компаниялар сунуштап жаткан көмүрдүн баасынан 1 долларга арзан. Сатыбалдиев казак тарап 1 миллиард кВт саатка чейин электр энергиясын сатып алууга даяр экенин, эгер суунун көлөмү жетиштүү болсо Кыргызстан электр энергиясын экспорттоону көбөйтө турганын да кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан