Чемпиондор Лигасы: "Атлетико" "Ювентусту" жеңип алса, "Манчестер Сити" 10 оюнчусу менен "Шалькени" утуп алды

21-февралга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын беттештери уланды.

Анда Испанияда "Атлетико Мадрид" - "Ювентус" беттеши орун алса, Германияда "Шальке" - "Манчестер Сити" оюну өттү.

"Атлетико Мадрид" - "Ювентус"

Испаниянын Мадрид шаарындагы "Ванда Метрополитано" стадионунда жергиликтүү "Атлетико" италиялык "Ювентусту" кабыл алды. Оюндун жүрүшүндө "Атлетико" 2 гол киргизсе, "Ювентус" бир топ аракет кылса да ийгиликтүү боло алган жок. Эсеп санын 78-мүнөттө Хосе Хименес ачты, ал коргоочулардан кайтып келген топту жыгылып дарбазага багыттады. Топ дарбазага кирип, "Ювентустун" дарбазачысы Войцех Щенсный топту тосконго жетишпей калды. 5 мүнөттөн соң "Атлетиконун" оюнчулары эсепти 2:0гө айлантышты. Бул ирет Диего Годин ийгиликтүү болуп, кооз соккусу менен командасын алдыга чыгарды.

Муну менен беттеш 2:0 эсебинде аяктап, "Атлетико" алгачкы оюнда жеңишке жетти. Командалардын жооптук беттеши 13-мартка караган түнү орун алат.

"Шальке" - "Манчестер Сити"

Германиянын Гельзенкирхен шаарындагы "Фельтинс-Арена" стадионунда "Шальке" командасы англиялык "Манчестер Ситини" кабыл алды. Оюн 2:3 эсебинде "Манчестердин" жеңиши менен аяктады. 18-мүнөттө Давид Сильва "Шалькенин" коргоочусу Салиф Санеден топту тартып алып, Агуэрого өткөрүп берген, ал эми Агуэро таамай сокку узатып эсепти ачты. 33-мүнөттө "Шалькенин" оюнчусу дарбазага сокку узатып, топ "Манчестердин" коргоочусу Отамендинин колуна тийип калган. Германиялык клубдун оюнчулары калыстан пенальти сурап, калыс VAR-системин колдонуп пенальти койгон. Пенальтини Набиль Бенталеб ийгиликтүү аткарып эсепти тең кылды. 45-мүнөттө калыс кайрадан "Манчестердин" дарбазасына пенальти коюп, аны кайрадан Бенталеб ийгиликтүү аткарат. Муну менен 1-тайм аягына чыгып, командалар тыныгууга кетишкен. 85-мүнөттө "Манчестер Сити" айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алып, аны Лерой Сане аткарат. Саненин кубаттуу соккусу таамай болуп, эсеп 2:2 болду. 90-мүнөттө алыстан чыгарылган топко Стерлинг жетишип калып, таамай соккусу менен командасына жеңиш алып келди.

Муну менен беттеш 2:3 эсебинде "Манчестер Ситинин" жеңиши менен аяктады. Командалардын жооптук беттеши 13-мартка караган түнү орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2019-02-21 13:23:43
Ранолдану биринчи жолу колдодум эле утулуп калышты мурункудай команда жок Ювентус та
+3
madrid7000
2019-02-21 15:11:52
Атлетико менен Ювентустун оюну супсак болду.Позициялык чабуул жок,бир нерсе эле болуп жатышты,эки команда тен.Атлетико азамат! Оз мумкунчулукторун пайдаланып,эки гол киргизишти.Куттуктайм!
+2
murat17
2019-02-21 17:07:01
Мен Атлетикону колдодум анткени Ювентуска утулган эмес молодцы жигиттер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан