Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алды.
Аталган мелдешке Тажикстан, Орусия, Казакстан, Беларусь, Таиланд, Монголия, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышып, эркектер жана кыз-келиндер 13 салмак ченинде күч сынашууда. 42-ирет өткөрүлүп жаткан мелдешке 199 мушкер катышууда.
Мелдештин байгелүү орундарынын ээлери диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.